Dtrader соода платформасы
Бул сабакта Deriv Trader платформасы аркылуу бүтүмдөрдү кантип натыйжалуу аткарууну карап чыгабыз. Бул платформада багыт алууну билүү Сизге жеткиликтүү болгон соода куралдарын жана ресурстарын толук пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Deriv Trader менен таанышуу
Deriv Trader атайын Deriv-дин жеке өнүмдөрүнүн кеңири түрлөрү боюнча соода кылууну жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан. Ал бардык тажрыйба деңгээлиндеги трейдерлерге ылайыкташтырылып, жаңы баштагандарга ыңгайлуу интерфейсти жана тажрыйбалуу трейдерлер үчүн алдыңкы куралдарды сунуштайт.
Deriv Trader-дин негизги өзгөчөлүктөрү
- Ыңгайлаштырылуучу соода чөйрөсү: Платформаны өзүңүздүн соода каалоолоруңузга жараша ыңгайлаштырып, аны стратегияларыңызды ишке ашыруу үчүн ийкемдүү куралга айландырыңыз.
- Графиктер менен иштөөнүн алдыңкы куралдары: Баалардын кыймылын натыйжалуу көрүү үчүн ар бир тиктен баштап күнүмдүк шамдарга чейинки ар кандай убакыт алкактарын колдонуңуз. Платформада ошондой эле терең талдоо жүргүзүүгө жана жеке белгилерди калтырууга мүмкүндүк берген индикаторлор менен чийүү куралдарынын толук топтому бар.
- Активдердин кеңири тандоосу: Deriv Trader кадимки базар сааттарында форекс, акциялар индекстери жана товарлар сыяктуу 50дөн ашык активге мүмкүнчүлүк ачат. Мындан тышкары, криптовалюталар жана Deriv-дин синтетикалык индекстери күнү-түнү соода кылуу үчүн жеткиликтүү.
- Соода түрлөрү жана узактыгы: Платформа тобокелдиктин ар кандай деңгээлдерине жана соода стилдерине ылайыкташтырылган бир катар соода түрлөрүн колдойт. Сиз бүтүмдүн узактыгын 1 секундадан 365 күнгө чейин ыңгайлаштырып тандай аласыз, бул кыска мөөнөттүү да, узак мөөнөттүү да соода стратегияларын колдонууга шарт түзөт.
Deriv Trader-де ишти баштоо
Deriv Trader-ди колдонууну баштоо үчүн:
- Deriv Trader Hub-га кирүү: Аккаунтка киргенден кийин платформаны ачуу үчүн «Deriv Trader» бөлүмүн тандаңыз.
- Графикти ачуу: Белгилүү бир активдин графигин ачуу үчүн базарды байкоо терезесинен Сиз соода кылгыңыз келген активди басыңыз.
- Индикаторлорду кошуу: Куралдар панелиндеги «Индикатор кошуу» сүрөтчөсүн басуу менен техникалык индикаторлорду кошуңуз. Техникалык талдооңузга жардам бере турган ар кандай индикаторлордун ичинен тандап алыңыз.
Бүтүмдөрүңүздү башкаруу
Deriv Trader бүтүмдөрдү аткаруудан мурун мүмкүн болуучу төлөмдү так көрсөтүп, тобокелдикти натыйжалуу баалоого жардам берет:
- Ставка жана Төлөм: Сиз мүмкүн болуучу соода пайдаңызды же чыгымыңызды эки жол менен белгилей аласыз: бүтүмгө белгилүү бир сумманы бөлүү аркылуу Ставка катары, же болбосо күтүлгөн пайданы көрсөтүп, платформага талап кылынган ставканы эсептеп чыгууга мүмкүндүк берген Төлөм катары.
- Тобокелдиктерди башкаруу мүмкүнчүлүктөрү: Multipliers сыяктуу соода түрлөрү үчүн Deriv Trader бүтүмдөрдү натыйжалуу башкарууга жардам берүүчү «Take Profit» жана «Stop Loss» сыяктуу кошумча куралдарды сунуштайт.
Платформада багыт алуу
Deriv Trader платформасында багыт алуу абдан жөнөкөй. Жогорку меню панели негизги бөлүмдөргө оңой өтүүнү камсыздайт:
- Отчёттор: Сиздин ачык позицияларыңызды, пайда таблицасын жана аккаунт боюнча көчүрмөлөрдү көрсөтөт.
- Касса: Каражат салууну, чыгарып алууну жана которууну жеңилдетет.
- Аккаунт жөндөөлөрү: Профилиңизди, сырсөзүңүздү жана коопсуздук абалын башкарыңыз.
- Аккаунт тууралуу маалымат: Сиздин бардык чыныгы жана демо аккаунттарыңызды алардын баланстары менен бирге көрсөтөт.
Төмөнкү менюдан Сиз жалпы маалыматты жана жөндөөлөрдү таба аласыз, мисалы:
- Күн жана GMT: Базардын иштөө сааттарына көз салып туруңуз.
- Онлайн-чат: Кардарларды ыкчам колдоо кызматы.
- Жардам борбору: Көп берилүүчү суроолор менен таанышып, жоопкерчиликтүү соода кылуу боюнча кеңештерди алыңыз.
Жыйынтык
Жыйынтыктап айтканда, Deriv Trader платформасы Сиздин жеке соода муктаждыктарыңызга ылайыкташтырылган күчтүү жана ийкемдүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Бул платформаны өздөштүрүү менен Сиз бүтүмдөрдү ишенимдүү жана натыйжалуу аткарууга толук даяр болосуз.
Deriv Trader-де жеткиликтүү болгон куралдарды колдонуу менен машыгуу жана соода стратегияларыңызды өркүндөтүү үчүн акысыз демо аккаунттан баштоону сунуштайбыз. Кийинки сабагыбызда соода мейкиндигиңизди мындан ары да оптималдаштырууга жардам бере турган график үлгүлөрүн жана профилдерди карап чыгабыз. Бул сабакка катышканыңыз үчүн рахмат, соодаңыз ийгиликтүү болсун!
Quiz
Deriv Trader платформасынын негизги функциясы эмнеде?
Deriv Trader Сиздин соода чөйрөңүздү ыңгайлаштыруу үчүн кандай негизги мүмкүнчүлүктү сунуштайт?
Deriv Trader тобокелдикти башкарууга кантип жардам берет?


