
Машыгуусуз эле соодага киришүү — бул унаа көп жүргөн чоң жолго биринчи жолу айдап чыккан сыяктуу: кооптуу жана абдан татаал. Дал ушул жерден демо соода аккаунту жардамга келет! Бул Сиздин соодадагы тест-драйвыңыз: ал чыныгы акчаңыздын бир да тыйынын тобокелге салбастан жана тобокелдиктерди башкарууну колдонуу менен базарларды изилдөөгө, соода стратегияларын сынап көрүүгө жана соода куралдарына көнүүгө мүмкүндүк берет.
Демо соода аккаунту деген эмне жана ал эмне үчүн маанилүү?
Демо соода аккаунту — бул соода кантип иштээрин үйрөнүүнүн акысыз жана тобокелсиз жолу. Ал Сизге чыныгы базар шарттарына мүмкүнчүлүк ачып, виртуалдык каражаттарды колдонуу менен ар кандай стратегияларды машыгып көрүүгө шарт түзөт. Муну трейдерлер үчүн учуу симулятору катары элестетиңиз — Сиз чыныгы каржылык тобокелдиктин олку-солкулугуна кабылбастан толук тажрыйба аласыз.
Демо соода аккаунтун кайдан ачсаңыз болот?
Deriv өзүнүн бардык соода платформаларында балансында USD 10 000 виртуалдык каражаты бар демо аккаунттарды сунуштайт. Сиз каалаган убакта балансыңызды толуктап, Форекстен тартып акцияларга, криптовалюталарга жана жада калса синтетикалык индекстерге чейинки ар кандай базарларды изилдей аласыз.
Чыныгы акчаны колдонбостон соода кылууну машыгуу

Айрым трейдерлер тажрыйбасы жок туруп эле чоң пайда табууну көздөп, чыныгы соодага өтө эрте киришет. Бул көп учурда олуттуу жоготууларга алып келет. Демо аккаунт чыныгы каражаттарды жоготпостон стратегияларды сыноого, тобокелдиктерди башкаруу куралдарын түшүнүүгө жана өзүңүзгө болгон ишенимди арттырууга мүмкүндүк берет.
Deriv Trader платформасында Сиз опциондор менен соода кылууну машыгып, Stop Loss, Take Profit жана келишимди жокко чыгаруу сыяктуу тобокелдиктерди башкаруу куралдарын камтыган Multipliers мүмкүнчүлүктөрүн изилдей аласыз.
Базарды талдоо үчүн демо аккаунттарды колдонуу
Базарлар тренддерге, дүйнөлүк окуяларга жана базар катышуучуларынын жүрүм-турумуна жараша өзгөрүп турат. Бул кыймылдарды түшүнүү өтө маанилүү. Демо аккаунт аркылуу Сиз акча жоготуп алуу коркунучу жок эле реалдуу убакыттагы базар шарттарын изилдеп, техникалык талдоо куралдарын сынап жана стратегияларды иштеп чыга аласыз.
Deriv MT5 (DMT5) — бул үчүн эң сонун платформа. Ал чыныгы аккаунтту колдонуудан мурун толук соода тажрыйбасын алууга жардам берүүчү өркүндөтүлгөн график куралдарын, индикаторлорду жана талдоо функцияларын сунуштайт.
Чыныгы соодага өтүүдөн мурун соода планын түзүү
Мыкты трейдер эч качан ойлонбостон, шашылыш соода кылбайт. Так түзүлгөн соода планын иштеп чыгуу Сизге тартипти сактоого жардам берет. Демо аккаунт менен Сиз төмөнкүлөрдү аткара аласыз:
- Реалдуу максаттарды коюп, Сизге ылайыктуу соода стилин тандаңыз (скальпинг, свинг-трейдинг).
- Техникалык индикаторлорду колдонуу менен базарга кирүү жана чыгуу стратегияларын аныктаңыз.
- Stop Loss буйрутмалары жана позициянын көлөмүн аныктоо аркылуу тобокелдиктерди башкарууну машыгыңыз.
Чыныгы аккаунтка качан өтүшүңүз керек?
Буга баарына бирдей туура келген жооп жок, бирок Сиздин даяр экениңизди билдирген айрым белгилер бар:
- Сиз стратегияны ийгиликтүү сынап көрдүңүз (соодаларыңыздын 50%дан ашыгы кирешелүү болду).
- Сиз каражаттарыңызды туура башкарасыз жана тобокелдиктерди башкарууну түшүнөсүз.
- Сиз чечимдериңизди эмоцияларга алдырбастан соода кыла аласыз.
Quiz
Демо соода эсебинин эң чоң артыкчылыгы эмнеде?


