DBot соода платформасы
Бул курстун акыркы сабагында биз Deriv Bot менен таанышабыз — бул код жазууну талап кылбаган күчтүү чечим болуп, Сизге автоматташтырылган соода стратегияларын оңой түзүүгө жана күнү-түнү 24/7 соода мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга шарт түзөт. Жөнөкөй сүйрөп таштоочу «блоктор» функциясын колдонуу менен, тажрыйба деңгээли ар кандай трейдерлер өз соода муктаждыктарына ылайык жекелештирилген стратегияларды түзө алышат.
Deriv Bot менен таанышуу
Deriv Bot колдонууга ыңгайлуу болуп иштелип чыккан жана трейдерлерге программалоо көндүмдөрү жок эле соода стратегияларын автоматташтыруу үчүн түшүнүктүү интерфейсти сунуштайт.
Deriv Bot-ко кирүү
Deriv Bot менен иштеп баштоо үчүн:
- Deriv-дин Trader's Hub бөлүмүндөгү аккаунтуңузга кириңиз.
- Боттун башкаруу панелине өтүү үчүн жеткиликтүү варианттардын ичинен «Deriv Bot» дегенди тандаңыз.
Киргенден кийин, соода жолуңузду баштоо үчүн бир нече мүмкүнчүлүктөрдү көрөсүз.
Deriv Bot башкаруу панелинин мүмкүнчүлүктөрү
Deriv Bot башкаруу панелине киргенде, Сиз төрт негизги опцияны көрөсүз:
- Учурдагы стратегияларды жүктөө: Стратегияларды «Менин компьютеримден» же «Google Drive» аркылуу импорттоңуз.
- Ыкчам стратегия: Алдын ала даярдалган стратегия үлгүлөрүн колдонуп, соода ботун эң тез ишке киргизүү жолу.
- Бот конструктору: Тажрыйбалуу колдонуучуларга нөлдөн баштап жекелештирилген стратегияларды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ыкчам стратегия
«Ыкчам стратегия» функциясы ар бир соода ботун эки негизги бөлүккө ажыратат:
- Стратегиянын үлгүсү: Бул Сиздин ботуңуз ар бир соодадан кийин рентабелдүүлүккө жараша ставка өлчөмүн кантип өзгөртөрүн аныктайт.
- Стратегия үлгүлөрүнүн мисалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Martingale: Чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жоготуудан кийин ставка өлчөмүн эки эсе көбөйтөт.
- D'Alembert: Ставка өлчөмүн белгиленген бирдикке жараша жөнгө салып, аны чыгымдан кийин көбөйтөт жана пайдалуу бүтүмдөн кийин азайтат.
- Oscar's Grind: Аз өлчөмдөгү жана туруктуу пайда табууга багытталган.
- Reverse Martingale: Удаасы менен ишке ашкан ийгиликтүү бүтүмдөрдүн натыйжасын жогорулатуу үчүн пайдалуу бүтүмдөн кийин ставка өлчөмүн көбөйтөт жана чыгымдан кийин азайтат.
- 1-3-2-6: Удаасы менен пайдалуу бүтүмдөрдөн кийин белгиленген ставка тартибин карманат.
- Martingale: Чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жоготуудан кийин ставка өлчөмүн эки эсе көбөйтөт.
- Стратегия үлгүлөрүнүн мисалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Соода параметрлери: Бул параметрлер соода кылынуучу активди, соода түрүн, сатып алуу шарттарын, баштапкы ставка өлчөмүн, узактыгын, пайда чегин жана чыгым чегин белгилейт.
Стратегияңызды жөндөө
Стратегиянын үлгүсүн тандап, керектүү соода параметрлерин толтургандан кийин, ботуңузду ишке киргизүү үчүн жөн гана «Иштетүү» баскычын басыңыз. Ыкмаңызды өркүндөтүү жана өзүңүзгө болгон ишенимди арттыруу үчүн ар кандай стратегияны алгач демо-аккаунтта сынап көрүүнү унутпаңыз.
Бот конструкторун колдонуу
Стратегияларын андан ары ыңгайлаштырууну каалагандар үчүн Бот конструктору кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
- Жумушчу аймак (Канвас): Бул жерде Сиз ботуңуз үчүн белгилүү функцияларды түзүү максатында блокторду сүйрөп келип жайгаштырасыз.
- Блоктор менюсу: Соода параметрлери, сатып алуу шарттары, сатуу шарттары жана сооданы кайра баштоо шарттары боюнча категорияларга бөлүнгөн. Ар бир блокто боттун кантип иштээрин багыттаган белгилүү көрсөтмөлөр бар.
Блок функцияларынын мисалдары
- Соода параметрлери: Кайсы базарда соода кылууну, келишим түрлөрүн жана ставка өлчөмдөрүн аныктаңыз.
- Сатып алуу шарттары: Сиздин критерийлериңиздин негизинде бот качан соодага кириши керектигин көрсөтүңүз.
- Сатуу шарттары: Соода жигердүү учурда бот өзүн кандай алып жүрүшү керектиги боюнча көрсөтмө бериңиз.
- Сооданы кайра баштоо шарттары: Жаңы келишимди баштоодон мурун, учурдагы келишим аяктагандан кийин эмне болорун жөндөңүз.
Жыйынтык
Deriv Bot менен Сиздин колуңузда соода стилиңизге жана каалоолоруңузга ылайык автоматташтырылган соода стратегияларын түзүү үчүн күчтүү курал бар. Ыкчам стратегияны жана Бот конструкторун колдонуу менен, Deriv платформасында соода кылууга системалуу мамиле түзө аласыз.
Чыныгы соодага өтүүдөн мурун тандаган стратегияларыңыздын бардык өзгөчөлүктөрүн жакшы түшүнгөнүңүзгө ынануу үчүн демо-аккаунтта кылдат машыгууну унутпаңыз. Кийинки сабагыбызда биз опциондорду колдонуу менен Deriv-дин синтетикалык инструменттери боюнча соода стратегияларын ишке ашырууну карап чыгабыз. Бул сабакка катышканыңыз үчүн рахмат жана соодаңыз ийгиликтүү болсун!
Quiz
Deriv Bot-ту колдонуунун негизги артыкчылыгы эмнеде?
Мартингейл стратегиясы эмнени камтыйт?
Deriv Bot-то соода стратегияларын кеңири ыңгайлаштырууга кайсы функция мүмкүндүк берет?


