Deriv-деги базалык активдерге сереп
Деривативдер менен соода кылуунун алкагында, натыйжалуу соода стратегиялары үчүн деривативдер менен соода кылууда базалык активдерди түшүнүү өтө маанилүү. Бул сабак видеодо тааныштырылган түшүнүктөрдү кеңейтип, Deriv-деги Deriv соода платформасында деривативдер менен соода кылуу үчүн жеткиликтүү болгон ар кандай базалык активдерге, анын ичинде каржылык активдерге жана уникалдуу Туунду индекстерге терең сереп салат. Бул активдерди өздөштүрүү Сизге өз каалоолоруңузга жана тобокелдикке туруктуулугуңузга ылайыкташтырылган негиздүү соода чечимдерин кабыл алууга жардам берет.
Деривативдер менен соода кылуу үчүн жеткиликтүү каржылык активдер
Deriv деривативдер менен соода кылуу үчүн каржылык активдердин кеңири түрүн сунуштайт. Бул ар түрдүүлүк трейдерлерге активдердин ар кандай класстары боюнча базар мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууда ийкемдүүлүктү берет:
- Негизги Форекс жуптары: Буларга EUR/USD, GBP/USD жана USD/JPY сыяктуу популярдуу валюта жуптары кирет. Негизги Форекс жуптары боюнча деривативдер менен соода кылуу, адатта, жогорку ликвиддүүлүктү жана төмөн спреддерди камсыздайт, бул аларды көптөгөн трейдерлер үчүн жагымдуу тандоого айлантат.
- Акциялар индекстери: Индекс деривативдери трейдерлерге акциялар тобунун көрсөткүчтөрү боюнча соода кылууга мүмкүндүк берет. Акциялар индекстери менен соода кылуу кеңири базар тренддери жөнүндө түшүнүк берип, жеке акциялар менен соода кылууга байланыштуу тобокелдикти азайта алат.
- Криптовалюталар: Санариптик валюталардын өсүшү менен Deriv Bitcoin жана Ethereum сыяктуу популярдуу криптовалюталар боюнча деривативдер менен соода кылуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт. Бул деривативдер трейдерлерге активге түздөн-түз ээлик кылбастан эле өтө өзгөрмөлүү бул базарга катышууга мүмкүндүк берет.
- Товарлар: Алтын, мунай жана айыл чарба продукциялары сыяктуу товарлар трейдерлерге баанын өзгөрүшү боюнча соода кылуу жана экономикалык олку-солкулуктардан хеджирлөө үчүн кошумча жолдорду берет. Товарларга негизделген деривативдер ар түрдүү базар шарттарында өзгөчө натыйжалуу боло алат.
Туунду индекстерди түшүнүү
Deriv ошондой эле базардын белгилүү бир жүрүм-турумун кайталаган жана өзгөчө соода мүмкүнчүлүктөрүн берген уникалдуу Туунду индекстерди сунуштайт:
- Синтетикалык индекстер: Бул индекстер коопсуз кокустук сандар генераторун колдонуу менен чыныгы базар шарттарын имитациялайт. Алар трейдерлерди баанын үзгүлтүксүз кыймылы менен камсыздап, салттуу базарлардагы күтүүсүздүксүз эле ар кандай соода стратегиялары үчүн пайдалуу болот.
- Basket Indices: Бул индекстер бир гана активге таянбастан, топтун жалпы көрсөткүчүнө жеткиликтүүлүк берип, активдер топтомунун динамикасына көз салат. Мисалы, Gold Basket алтындын наркын беш дүйнөлүк валютанын топтомуна салыштырмалуу өлчөйт. Мындай диверсификация тобокелдикти бөлүштүрүүгө жардам берет жана соодадагы туруктуулукту жогорулата алат.
- Volatility Indices: Бул индекстер алдын ала аныкталган өзгөрмөлүүлүк деңгээлдериндеги баанын олку-солкулугун чагылдырат жана трейдерлерге туруктуу кыймылдардан пайда алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул индекстер боюнча опциондор түзүмдөштүрүлгөн тобокелдик профилдери жана аныкталган өзгөрмөлүүлүк чектери менен жагымдуу боло алат.
- Jump Indices: Volatility Indices-тин бир түрү болгон Jump Indices орто эсеп менен ар бир 20 мүнөт сайын адаттагыдан чоңураак мезгилдүү баа секириктери менен мүнөздөлөт. Бул өзгөчөлүк трейдерлерге базардын капыстан болгон кыймылдарынан пайда табуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.
- Crash and Boom Indices: Баанын капыстан өзгөрүшүнөн пайда алууну көздөгөн трейдерлер үчүн эң ылайыктуу болгон Crash Indices кескин төмөндөөгө чейин туруктуу өсөт, ал эми Boom Indices кескин жогорулоого чейин туруктуу төмөндөйт. Бул индекстер базардын күтүлгөн жүрүм-турум үлгүлөрүнө негизделген соода мүмкүнчүлүктөрүн берет.
- Step Indices: Аталышынан көрүнүп тургандай эле, Step Indices белгиленген чоңдуктар же кадамдар менен жылып, алдын ала болжолдоого боло турган соода чөйрөсүн түзөт. Ар бир кадам туруктуу болгондуктан, ал кыска мөөнөттүү да, узак мөөнөттүү да стратегиялар үчүн жагымдуу болот.
- Daily Reset Indices: Бул категорияга 24 сааттык мезгил ичинде өсүп же төмөндөп жаткан базарларды имитациялаган индекстер кирет (мис., Bull Market Index жана Bear Market Index). Бул индекстер ар бир соода күнүнүн башында баштапкы маанисине кайтып, күнүмдүк тренддерде көбүрөөк болжолдуулукту камсыздайт.
Базалык активдерди түшүнүүнүн мааниси
Deriv-де деривативдер менен соода кылууда ийгиликке жетүүнү каалаган ар бир трейдер үчүн базалык активдерди терең түшүнүү зарыл. Каржылык активдердин ар түрдүүлүгүн жана уникалдуу Туунду индекстерди билүү Сизге негиздүү чечимдерди кабыл алуу жана соода стратегияларыңызды натыйжалуу ылайыкташтыруу үчүн керектүү билимди берет. Деривативдер жана алардын ар кандай колдонулуштары тууралуу үйрөнүүнү улантуу менен бирге, ийгиликтүү соода жолуңуз үчүн жөндөмдөрүңүздү өркүндөтүүгө умтула бериңиз.
Quiz
Эмне үчүн Basket Indices тобокелдиктерди башкаруу үчүн пайдалуу?
Деривативдин кайсы түрү трейдерлерге форекс жуптарынын же товарлардын тобунун жалпы багыты боюнча спекуляция кылууга мүмкүндүк берет?
Jump Indices стандарттуу Volatility Indices-тен эмнеси менен айырмаланат?


