Deriv P2P-де алдамчыларды кантип таанып билсем болот?
Айрым алдамчылар Deriv кызматкерлери болуп же ишенимдүү P2P колдонуучуларынын лакап аттарын көчүрүп, Сизди каражатты чыгарууга алдап азгырышы мүмкүн.
Коопсуз болуу үчүн:
- Deriv P2P транзакцияны аяктоо үчүн эч качан электрондук почта же билдирүү жөнөтпөйт.
- Соода жасаардан мурун соодагердин профилиндеги текшерүү белгисин ар дайым текшериңиз.
- Лакап аттарды кайра-кайра текшериңиз — алдамчылар ишенимдүү сатуучуларды туурап, окшош аттарды колдонушу мүмкүн (мисалы, Dams1234 менен Dems1234).
- Deriv P2P-де Сиз ишенген сатуучуларды гана ээрчип, алар менен гана соода жасаңыз.
- Колдонуучу аттарын жана жөнөтүүчүнүн электрондук почтасын кылдаттык менен текшериңиз.
- Платформадан тышкаркы байланыш маалыматтарын (мисалы, WhatsApp, Telegram) бөлүшпөңүз.
- Төлөмдү тизмеде көрсөтүлгөн ыкма менен гана төлөп, төлөөчүнүн аты анын текшерилген Deriv профилине дал келерин тастыктаңыз.






