Негизги мазмунга өтүү
Сабак
2
Deriv MT5 | Башталгыч деңгээл

Сиздин Deriv MT5-ке кирүү жолуңуз: компьютер, веб же мобилдик версиябы?

Узактыгы
8
мүнөт

Deriv Academy-ге кайрадан кош келиңиз! Бул сабакта Сиз өзүңүздүн Deriv MT5 аккаунтуңузга ар кандай платформалар аркылуу кантип кире аларыңызды талкуулайбыз. Кирүү жолдорун билүү натыйжалуу соода тажрыйбасы үчүн абдан маанилүү, андыктан биз Сизге жеткиликтүү болгон компьютердик терминал, веб-платформа жана мобилдик тиркеме варианттарын карап чыгабыз.

‍

Deriv MT5 компьютердик терминалы

Deriv MT5 компьютердик терминалы Windows, macOS жана Linux системалары менен шайкеш келген эң толук соода чөйрөсүн соода колдонмолору камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Сиз тиркемени Deriv веб-сайтындагы Traders Hub Traders Hub аркылуу оңой жүктөп алсаңыз болот.
‍

Компьютердик терминалдын негизги өзгөчөлүктөрү

  1. Бир нече графиктер: Бир эле учурда бир нече график терезелерин ачуу мүмкүнчүлүгү Сизге ар кандай базарларды же убакыт алкактарын чогуу көзөмөлдөөгө шарт түзүп, базардын кеңири көрүнүшүн берет.
    ‍
  2. Техникалык индикаторлор жана чийүү куралдары: Компьютердик платформа баалардын кыймылын талдоого жана потенциалдуу соода мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуураак аныктоого жардам берүүчү ар түрдүү техникалык индикаторлорду жана чийүү куралдарын камтыйт.
    ‍
  3. Базар сереби: Бул функция Deriv MT5-те соода кылуу үчүн жеткиликтүү болгон бардык инструменттердин учурдагы бааларын көрсөтөт. Сиз бир эле жерден базардагы кырдаалга тез баа берип, соода бүтүмдөрүңүздү башкарып жана реалдуу убакыт режиминде өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз.
    ‍
  4. Expert Advisors (EAs): Платформа автоматташтырылган соода стратегияларын колдойт. Сиз MQL5 программалоо тилин колдонуу менен бул стратегияларды түзүп, сынап жана ишке киргизе аласыз же MQL5 Marketplace-тен даяр EAs-ти колдонуп, белгиленген шарттардын негизинде автоматтык түрдө соода кыла аласыз.
    ‍

Deriv MT5 веб-платформасы

Программалык камсыздоону жүктөп алгысы келбегендер үчүн Deriv MT5 веб-платформасы каалаган веб-браузерден түз ачылуучу ыңгайлуу альтернативаны сунуштайт. Бул вариант трейдерлерге эч нерсени орнотпостон эле Форекс базарында соода кылууга мүмкүндүк берет.
‍

MT5 веб-платформасынын артыкчылыктары

  • Ыкчам баштоо: Веб-платформа Сизге саналуу мүнөттөрдүн ичинде соода кылууну баштоого мүмкүндүк берет. Аккаунтуңузга жетип, платформа менен таанышып баштоо үчүн болгону Deriv веб-сайты аркылуу кирип, Traders Hub-га өтүңүз.
    ‍
  • Колдонууга ыңгайлуу интерфейс: Колдонууга жөнөкөй кылып иштелип чыккан веб-платформа интуитивдик түзүлүшкө ээ, бул аны башталгычтар үчүн да, тажрыйбалуу трейдерлер үчүн да жеткиликтүү кылат.
    ‍
  • Автоматтык жаңыртуулар: Веб-платформа Deriv-дин серверлери аркылуу автоматтык түрдө жаңыртылгандыктан, программалык жаңыртууларды башкаруу тууралуу кам санабай эле койсоңуз болот — Сизге ар дайым эң акыркы функциялар жеткиликтүү болот.
    ‍
  • Графиктер ар дайым кол алдыңызда: Веб-платформа графиктерди көрүүгө жана негизги чийүү куралдарын түздөн-түз браузериңизде колдонууга мүмкүндүк берет, бул Сизге негизги компьютериңизден алыс жүргөндө да тренддерди талдап, негизделген чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт.
    ‍

Deriv MT5 мобилдик тиркемеси

Deriv MT5 мобилдик тиркемеси Сизге жолдо жүрүп да соода кылуу мүмкүнчүлүгүн берет. Аны Apple App Store, Google Play Store же Huawei App Gallery дүкөндөрүнөн жүктөп алсаңыз, телефонуңуз соода кылуу үчүн күчтүү куралга айланат.
‍

Мобилдик тиркеменин негизги өзгөчөлүктөрү

  • Базарларды жолдо жүрүп көзөмөлдөө: Мобилдик тиркеме реалдуу убакыт режиминдеги базар котировкаларын жана графиктерди түздөн-түз түзмөгүңүздө көрсөтүп, кайсы жерде болбоңуз, баалардын кыймылы жана соода мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кабардар кылып турат.
    ‍
  • Ордерлерди оңой аткаруу: Сатып алуу жана сатуу үчүн түшүнүктүү баскычтардын жардамы менен бүтүмдөрдү ачуу абдан жөнөкөй. Башталгычтар соода стратегияларынын негизги элементтерине көңүл буруу менен базар ордерлеринин жана лимиттик ордерлердин негиздерин бат эле өздөштүрө алышат.
    ‍

Корутунду

Deriv MT5 аккаунтуңузга кирүүнүн ар кандай жолдору менен таанышып чыккандан кийин, эми аракетке өтүүгө убакыт келди! Соода стилиңизге жана каалоолоруңузга жараша муктаждыктарыңызга эң туура келген платформаны тандаңыз: кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр үчүн компьютердик терминалды, ыкчам кирүү үчүн веб-платформаны же жолдо жүрүп соода кылуу үчүн мобилдик тиркемени колдонуңуз.

Кийинки сабакта биз Deriv MT5 платформасына тереңирээк токтолуп, анын функцияларын ачып беребиз жана аны ишенимдүү колдонуу үчүн Сизге керектүү көндүмдөрдү үйрөтөбүз. Ийгиликтүү соода каалайбыз!

‍

Quiz

Deriv MT5 компьютердик терминалын колдонуунун негизги артыкчылыгы эмнеде?

Deriv MT5 Web платформасы кандай артыкчылыкты сунуштайт?

Deriv MT5-тин компьютердик жана мобилдик версияларынын экөөндө тең кайсы функция жеткиликтүү?

Analyse markets with AI-powered insights

Explore TradersView
WhatsApp