
«Маржа менен соода кылуу» деген сөз айкашын угуп, анын чындыгында эмнени билдирерин ойлонуп көрдүңүз беле? Анда эсебиңиздин балансы мүмкүндүк бергенден алда канча чоң соода көлөмүн башкара аларыңызды элестетип көрүңүз. Бул оңой жолдой туюлушу мүмкүн, бирок ал реалдуу тобокелдик менен коштолот. Кыскача айтканда, маржалык соода ушул! Бирок баштоодон мурун, анын кантип иштээрин, тобокелдиктерин жана аны кантип акылдуулук менен колдонуу керектигин толук түшүнүшүңүз үчүн баарын талдап чыгалы.
Маржа 101: Негизги түшүнүктөр
Маржа — бул левередж менен позиция ачуу үчүн Сиз салышыңыз керек болгон акчанын суммасы. Ал Сиздин чыныгы каражатыңыздан чоңураак позициялар менен соода кылууга мүмкүндүк берген кепилдик депозит сыяктуу. Брокерлер (Deriv сыяктуу) Сизге кошумча капиталды карызга берет, бирок ар кандай пайда жана чыгымдар үчүн Сиз жооптуу болосуз.
Мисалы, Сиз 1:100 левереджи менен USD 1 000 суммасындагы соода ачкыңыз келет дейли. Толук USD 1 000 төлөөнүн ордуна, соодага кирүү үчүн Сизге болгону USD 10 (Сиздин маржаңыз) керек болот. Эгерде базар Сиздин пайдаңызга кыймылдаса, пайдаңыз көбөйөт. Бирок ал тескери багытка кетсе, чыгымдар да ошончолук чоңоёт.
Маржа жана левередж: айырмасы эмнеде?
| Маржа | Левередж |
|---|---|
| Левередж менен соода ачуу үчүн Сизге керек болгон акчанын суммасы. | Маржаңызга салыштырмалуу Сиздин сатып алуу мүмкүнчүлүгүңүз канчалык экенин аныктаган катыш. |
| Пайыз менен туюнтулат (мисалы, 1% маржа талабы). | Катыш түрүндө туюнтулат (мисалы, 1:100). |
| Ар бир соодага канча капитал бөлүшүңүз керектигине таасир этет. | Позицияңыздын көлөмү канча эсе көбөйөрүн аныктайт. |
Левереджди кубаттуулукту күчөткүч катары, ал эми маржаны аны ишке киргизген отун катары элестетиңиз!
Соодадагы маржанын түрлөрү
| Баштапкы маржа | Соода ачуу үчүн талап кылынган алдын ала депозит. |
|---|---|
| Колдоочу маржа | Соодаңызды ачык кармап туруу үчүн керек болгон минималдуу баланс. Эгерде каражатыңыз андан төмөн түшүп кетсе, Сиз маржин-коллго кабылышыңыз мүмкүн. |
| Маржин-колл | Брокердин: «Байкаңыз, эсебиңизде каражат азайып баратат! Көбүрөөк каражат кошуңуз, болбосо позицияңыздын жабылып калуу тобокелдиги бар», — деп эскертүү ыкмасы. |
Маржа тобокелдигин профессионалдай башкаруу тобокелдикти башкаруу стратегиялары
Маржа менен соода кылуу кирешени жана чыгымды бирдей чоңойтушу мүмкүн болгондуктан, тобокелдикти башкаруу өтө маанилүү. Муну кантип кылуу керек:
Stop Loss буйрутмаларын колдонуңуз. Ашыкча чыгымдардын алдын алуу үчүн автоматтык чыгуу чекитин белгилеңиз.
Левереджди чегине чейин колдонбоңуз. 1:1 000 левереджи жеткиликтүү болгону эле аны толугу менен колдонушуңуз керек дегенди билдирбейт.
Маржа деңгээлиңизге көз салыңыз. Маржин-коллдорго кабылбоо үчүн Сизде канча жеткиликтүү маржа калганын байкап туруңуз.
Соодаларыңызды диверсификациялаңыз. Бардык каражатыңызды тобокелдиги жогору болгон бир гана соодага салбаңыз.
Маржа менен кайсы жерде соода кыла аласыз соода платформалары?
Deriv-де Сиз бир нече базарларда маржа менен соода кыла аласыз:
| Базар | Левередж |
|---|---|
| Форекс | 1:1 000 чейин |
| Акциялар жана индекстер | 1:100 чейин |
| Криптовалюталар | 1:100 чейин |
| Товарлар | 1:500 чейин |
| Туунду индекстер | 1:6 000 чейин |
Ар бир базардын тобокелдик деңгээли ар башка, андыктан соода тажрыйбаңызга жараша акылдуулук менен тандаңыз.
Сиз биздин Deriv MT5 жана Deriv cTrader платформаларыбызды колдонуп, Deriv-деги негизги базарларда маржа менен соода кыла аласыз. Левередж жана CFDs менен соода кылуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Deriv Academy-деги акысыз курстарыбызды карап чыгыңыз же аны машыгуучу демо эсепте сынап көрүңүз.
Quiz
Эгер Сиз 1:50 левереджи менен $5 000 суммасында соода ачсаңыз, Сизге канча маржа керек болот?


