
Позициянын өлчөмүн аныктоону бардык жумурткаларды бир себетке салбоо же бардык каражатты бир эле тандоого жумшабоо аракети катары элестетиңиз. Бул мүмкүнчүлүктөр менен коргоону тең салмактаган тобокелдиктерди башкаруу жаатындагы негизги принцип болуп, соодаңызды акылга сыярлык жана туруктуу кылат. Сиз өтө чоң көлөм менен кирип, бир ийгиликсиз бүтүмдөн улам аккаунтуңузду жоготуп алууну каалабайсыз, бирок ошол эле учурда ашыкча этият болуп, чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү да колдон чыгаргыңыз келбейт.
Эмне үчүн позициянын өлчөмүн аныктоо маанилүү
Бул Сиздин соода аккаунтуңуз үчүн ченемди көзөмөлдөө сыяктуу. Ар бир бүтүмдө өтө көп да эмес, өтө аз да эмес — туура сумма болушу керек. Мына ошондуктан бул ыкма абдан маанилүү:
- Коопсуздук биринчи орунда. Бир бүтүмдө өтө чоң тобокелдикке барып жатасызбы? Бул көңүл калууга алып баруучу кыска жол. Позициянын өлчөмүн туура аныктоо базарда узак убакытка калууга жардам берет.
- Пайда табууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк. Тобокелдикти бир нече бүтүмгө бөлүштүрүңүз — ошондо айрымдары Сиз күткөндөй болбой калса да, башкалары анын ордун толукташы мүмкүн.
Базардын өзгөрүлмөлүүлүгүнө ыңгайлашуу базардын өзгөрүлмөлүүлүгү
Базарлар дайыма бирдей кыймылдай бербейт. Кээ бирлери тынч болсо, башкалары өтө жигердүү болот. Volatility 10 менен соода кылып жатасызбы? Баа азыраак өзгөргөндүктөн, чоңураак позицияларды ача аласыз. Ал эми Volatility 250 менен соода кылсаңыз, баанын кескин олку-солку болушуна даяр болуп, позицияңызды ошого жараша ыңгайлаштырыңыз.
Позициянын туура өлчөмүн кантип тандоо керек
Бул жерде сыйкырдуу формула жок, бирок трейдерлер колдонгон эки ишенимдүү стратегия бар:
- Белгиленген доллар суммасы: Сиз ар бир бүтүм үчүн белгилүү бир сумманы тобокелге салып, кырдаалды алдын ала болжолдоого ыңгайлуу кыласыз. Мисалы, ар бир бүтүмдө $50 тобокелге салууга даярсыз дейли. Эгерде Сиз Volatility 50 инструментин $200 баасында сатып алып, Stop Loss деңгээлин $195 кылсаңыз, ар бир келишим боюнча тобокелдигиңиз $5 түзөт. Демек, Сиз 10 келишим ала аласыз ($50 / ар бир келишимге $5 тобокелдик = 10 келишим). Баары жөнөкөй.
- Аккаунттун пайызы: Бул ыкма аккаунтуңуз менен кошо өсөт (же азаят). Мисалы, Сиз $10 000 өлчөмүндөгү аккаунттун 1% үлүшүн тобокелге саласыз дейли. Бул бир бүтүмгө $100 түзөт. Эгерде ар бир келишимдин тобокелдиги $5 болсо, Сиз 20 келишим сатып ала аласыз ($100 / $5 = 20). Бул ыкма аккаунтуңуздун балансы өзгөргөн сайын тобокелдикти көзөмөлдөп турууга жардам берет.
ATR индикаторун колдонуу
Average True Range (ATR) индикатору базардын маанайын аныктагыч сыяктуу иштейт. Ал активдин белгилүү бир убакыт ичинде адатта канчалык кыймылдаарын көрсөтүп, позицияңыздын өлчөмүн тууралоого жардам берет. ATR чоңураакпы? Демек, баанын мүмкүн болгон кыймылы чоңураак, андыктан позициянын өлчөмүн азайтуу оң. ATR кичирээкпи? Базар тынчыраак, ошондуктан позициянын өлчөмүн бир аз чоңойтсоңуз болот.
Жыйынтык
Позициянын өлчөмүн аныктоо — бул жөн гана жакшы идея эмес, бул зарылчылык. Ал Сиздин тобокелдигиңизди көзөмөлдөп, ашыкча күч коротпостон, акылдуураак соода кылуу үчүн бекем негиз түзүп берет.
Бул стратегияларды иш жүзүндө колдонууга даярсызбы? Аларды тобокелдиксиз демо-аккаунтта машыктырып көрүңүз жана биздин акысыз соода курсубуз менен өзүңүзгө болгон ишенимди арттырыңыз.
Quiz
Трейдерлердин позициянын көлөмүн аныктоону колдонуусунун негизги себеби эмнеде?