Негизги мазмунга өтүү

Тобокелдиктерди оптималдуу башкаруу үчүн позициянын өлчөмүн аныктоо стратегиялары

5
мүн. окуу
Позициянын өлчөмүн аныктоону чагылдырган, бир тарабында тыйындар жана экинчи тарабында пайыз белгиси бар соода графиктери коюлган тараза.

Тобокелдиктерди башкаруу — ийгиликтүү сооданын негизи, ал эми позициянын өлчөмүн аныктоо Сиздин соода капиталыңызды коопсуз сактоодо чоң роль ойнойт. Аны туура колдонсоңуз, Сизде мүмкүн болгон пайданы көзөмөлдөнгөн тобокелдик менен тең салмактаган стратегия болот.


Позициянын өлчөмүн аныктоо деген эмне жана ал эмне үчүн маанилүү?

Позициянын өлчөмүн аныктоо ар бир соодага капиталыңыздын канча бөлүгүн бөлөрүңүздү белгилейт. Ал Сиздин тобокелдик деңгээлиңизге түздөн-түз таасир этип, мүмкүн болгон жоготууларды да, кирешелерди да башкарууга жардам берет. Кыскасы, позициянын өлчөмүн аныктоо — туура тобокелдик менен кирешенин катышын сактоонун жана узак мөөнөттүү келечекте капиталыңызды коргоонун ачкычы.


Позициянын өлчөмүн аныктоо жана тобокелдикке чыдамкайлык

Сиздин позицияңыздын өлчөмү жеке тобокелдикке чыдамкайлыгыңызга шайкеш келиши керек. Айрым трейдерлер позициянын чоңураак өлчөмү менен көбүрөөк тобокелдикке барууну ыңгайлуу көрүшсө, башкалары консервативдүү ыкманы артык көрүшөт. Туура тең салмактуулукту табуу Сиздин соода стилиңиз каржылык максаттарыңызга шайкеш келишин камсыздайт.


Позициянын өлчөмүн аныктоонун популярдуу ыкмалары

Позицияңыздын өлчөмүн аныктоонун бир нече жолу бар. Төмөндө эң кеңири таралган үч ыкма келтирилген:

1. Туруктуу доллар ыкмасы

Бул ыкма активдин баасына карабастан, ар бир соодага бирдей туруктуу сумманы бөлүүнү билдирет.

Мисал: Эгерде Сиз ар бир соодага $500 жумшоону чечсеңиз, анда ар бир позицияга $500 бөлөсүз. $10 000 эсебиңиз менен мындай өлчөмдө 20га чейин соода жүргүзө аласыз.


2. Пайызга негизделген ыкма

Бул ыкма эсебиңиздин жалпы балансынын пайызына жараша позицияңыздын өлчөмүн тууралайт.

Мисал: Эгерде Сиз позицияңыздын өлчөмүн эсебиңиздин балансынын 5% деңгээлинде белгилесеңиз жана Сизде $10 000 болсо, ар бир соода $500 түзөт. Эгерде балансыңыз $12 000 чейин өссө, позицияңыздын өлчөмү $600 чейин көбөйөт ($12 000 суммасынын 5%). Эгерде ал $8 000 чейин түшсө, позициянын өлчөмү $400 чейин азаят.


3. Тобокелдикке негизделген ыкма

Бул ыкма ар бир соодадагы максималдуу тобокелдигиңиздин туруктуу болушун камсыздоо үчүн Stop Loss деңгээлиңизди эске алат.

Мисал: Эгерде Сиз $10 000 эсебиңиздин 1% ($100) тобокелге салууга даяр болсоңуз жана Stop Loss кирүү бааңыздан 2% төмөн болсо, анда баанын 2% өзгөрүшү $100 тобокелдикке барабар болушу үчүн канча акция сатып алуу керектигин аныктайсыз.

  • Эгерде акциянын баасы $50 болсо, 2% Stop Loss баанын $1 төмөндөшүн билдирет.
    ‍
  • Тобокелдикти $100 менен чектөө үчүн Сиз $100 суммасын $1 маанисине бөлөсүз, демек, 100 акция сатып ала аласыз (позициянын жалпы өлчөмү $5 000).

Бул ыкмалардын ар бири тобокелдигиңизди көзөмөлдөп, стратегияңызга шайкеш кармоого жардам берет.


Позициянын өлчөмүн тууралоо үчүн волатилдүүлүктү колдонуу

Базардын волатилдүүлүгү позициянын өлчөмүн аныктоо боюнча чечимдериңизге таасир этиши мүмкүн. Волатилдүүлүгү жогору активдер тобокелдикти чектөө үчүн азыраак өлчөмдөгү позицияларды талап кылса, волатилдүүлүгү төмөн активдер чоңураак позицияларды ачууга мүмкүндүк берет. Базар шарттарына көз салып, ошого жараша өзгөртүү киргизүү — тобокелдикти башкаруунун акылдуу жолу.


Stop Loss жана киреше максаттарын коюу

Позициянын өлчөмүн аныктоонун ишенимдүү стратегиясы так белгиленген Stop Loss жана кирешени бекитүү деңгээлдерин камтыйт. Тобокелдигиңизди аныктоо үчүн Stop Loss ордерлерин, ал эми тобокелдик менен кирешенин туруктуу катышын бекемдөө үчүн киреше максаттарын колдонуңуз.


Позициянын динамикалык жана статикалык өлчөмүн аныктоо: Сизге кайсынысы көбүрөөк ылайыктуу?

Айрым трейдерлер позицияларынын өлчөмүн базар шарттарына жараша динамикалуу түрдө өзгөртүүнү артык көрүшсө, башкалары бардык соодаларда туруктуу бир өлчөмдү карманышат. Эң мыкты ыкма Сиздин соода стилиңизге жана тобокелдикке болгон ыңгайлуулук деңгээлиңизге көз каранды.


Базар шарттарына ыңгайлашуу

Базар шарттары тез өзгөрүп кетиши мүмкүн, андыктан позицияңыздын өлчөмү да ошого жараша ыңгайлашуусу керек. Волатилдүүлүк өтө жогору болгон мезгилдерде позицияңыздын өлчөмүн азайтуу тобокелдикти башкарууга жардам берет, ал эми тынчыраак базарларда бир аз чоңураак позицияларды карап көрсөңүз болот.


Туруктуулуктун ачкычы

Кайсы ыкманы тандабаңыз, туруктуулук өтө маанилүү. Позициянын өлчөмүн аныктоого тартиптүү мамиле кылуу соода чечимдериңизден эмоцияларды алып салууга жардам берип, узак мөөнөттүү туруктуу натыйжаларга алып келет.

Позициянын өлчөмүн аныктоо жөн гана сооданын кокустук өлчөмүн тандоо эмес. Бул соодадагы тобокелдиктерди башкаруунун эң маанилүү куралдарынын бири. Бул стратегияларды реалдуу соодада колдонуудан мурун демо эсепте машыгуу Сиз үчүн кайсынысы эң жакшы иштей турганын табууга жардам берет. Жөндөмүңүздү текшерүүгө даярсызбы?

Бүгүн акысыз демо соода эсебин ачып, бул стратегияларды иш жүзүндө колдонуп көрүңүз!

‍

Quiz

Эгерде Сиздин эсебиңиздин балансы көбөйсө, пайызга негизделген ыкмада позицияңыздын көлөмү эмне болот?

Көп берилүүчү суроолор

Analyse markets with AI-powered insights

Explore TradersView
WhatsApp