
Bitcoin тааныштырууга муктаж эмес. Бул бардыгын баштап берген эң алгачкы криптовалюта. Бирок крипто дүйнөсү муну менен эле токтоп калган жок. Ошондон бери криптовалюта соодасында миңдеген жаңы санариптик валюталар пайда болуп, алардын ар бири өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү алып келди. Ошентип альткойндор жана стейблкойндор чыкты.
Келиңиз, алар эмне экенин жана эмне үчүн маанилүү экенин талдап көрөлү.
Альткойндор: Bitcoin-дин көптөгөн атаандаштары
Альткойндор («альтернативдүү монеталар» дегендин кыскартылганы) Bitcoin-ден башка бардык криптовалюталарды билдирет. Алгачкы альткойн 2011-жылы пайда болгон жана ошондон бери иштеп чыгуучулар ылдамыраак, арзаныраак жана энергияны үнөмдүү сарптаган монеталарды түзүү үчүн жакшыртууларды жана инновацияларды киргизип келишет. Айрым альткойндор Bitcoin-дин блокчейнинде иштесе, Ethereum сыяктуу башкалары ар кандай максаттарга ылайыкталган өздөрүнүн уникалдуу тармактарына ээ. Мисалы, смарт-келишимдер жана борбордон ажыратылган тиркемелер.
Deriv-де альткойндор менен соода кыла аласызбы?
Албетте! Көптөгөн трейдерлер альткойндорду алардын өзгөрүлмөлүүлүгү үчүн жактырышат. Баанын чоң өзгөрүүлөрү мыкты мүмкүнчүлүктөрдү сунушташы мүмкүн, бирок тобокелдик да жогорулайт. Deriv-де альткойндор менен соода кылуу үчүн аларды сатып алуунун же аларга ээлик кылуунун кажети жок. Сиз CFDs менен соода кылып жатасызбы же Multipliers колдонуп жатасызбы, баанын кыймылы боюнча божомол жүргүзөсүз. Эгер Сиздин божомолуңуз туура чыкса, капчыктар же жеке ачкычтар менен убара болбостон пайда табасыз.
Албетте, тобокелдик дагы деле бул процесстин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жакшы соода стратегиясы, Stop Loss сыяктуу тобокелдиктерди башкаруу куралдары жана терең техникалык талдоо Сизге коопсузураак соода кылууга жардам берет.
Стейблкойндор: крипто дүйнөсүнүн туруктуу тарабы
Бардык эле криптовалюталар кескин өзгөрө бербейт. Стейблкойндор туруктуулук үчүн иштелип чыккан. Алардын наркы адатта 1:1 катышында АКШ доллары же алтын сыяктуу активдерге байланган. Бул алардын баанын кескин олку-солку болушуна азыраак дуушар болорун жана крипто дүйнөсүндөгү транзакциялар үчүн көп колдонуларын билдирет.
Бирок стейблкойндор да тобокелдиктен тышкары эмес. 2022-жылдагы чуулгандуу Terra кыйроосу «туруктуу» делген активдер да көз ачып-жумганча наркын жоготуп коюшу мүмкүн экенин далилдеди. Ошондуктан, алар Bitcoin же Ethereum сыяктуу монеталарга караганда туруктуураак болгону менен, өздөрүнө тиешелүү тобокелдиктерге ээ.
Deriv-де стейблкойндор менен соода кыла аласызбы?
Сиз Deriv-де альткойндор сыяктуу эле стейблкойндор менен да соода кыла аласыз. Стейблкойндор башка криптовалюталарга караганда жайыраак өзгөргөндүктөн, төмөн өзгөрүлмөлүүлүгүнө байланыштуу күнүмдүк соода үчүн анча ылайыктуу эмес. Бирок Сиз чоң көлөмдө соода кылсаңыз же төмөн өзгөрүлмөлүүлүктү артык көрсөңүз, баанын анча чоң эмес термелүүлөрү да пайдалуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, Deriv Сизге стейблкойндорду колдонуу менен крипто эсебин ачууга мүмкүнчүлүк берет, бул аларды башка базарларда соода кылуу үчүн да ыңгайлуу вариант кылат.
Quiz
Стейблкоиндер альткоиндерден эмнеси менен айырмаланат?


