Валюталык корреляция стратегияларын түшүнүү
Бул сабакта биз видеодо тааныштырылган түшүнүктөрдү толуктап, форекс базарындагы (форекс базарынын негиздери) соода ыкмаңызды жана тобокелдиктерди башкаруу стратегияларын өркүндөтүүчү валюталык корреляция стратегияларын тереңирээк карап чыгабыз. Видеодо корреляциянын негиздери жана аны соодада колдонуу камтылса, бул сабак валюталык корреляциянын негизинде соодаңызды оптималдаштыруу үчүн тереңирээк түшүнүктөрдү, негизги жагдайларды жана стратегияларды сунуштайт.
Корреляциянын табияты
Корреляция эки активдин бири-бирине карата кыймылдоо деңгээлин өлчөйт. Ар кандай валюта жуптарынын бири-бири менен кандайча байланышта экенин түшүнүү потенциалдуу соода мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баалуу маалымат бере алат. Трейдер катары валюта жуптарынын ортосундагы оң жана терс корреляцияларды аныктай билүү Сизге төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Базардагы өз ара байланыштарды аныктоо: Оң корреляция эки активдин адатта бир багытта кыймылдай турганын билдирет. Мисалы, эгерде EUR/USD жубу жогоруласа, GBP/USD жубу да анын артынан жогорулашы ыктымал. Тескерисинче, терс корреляция бир активдин кыймылы экинчи активге карама-каршы болорун көрсөтөт, мисалы, алтын менен АКШ долларынын ортосундагы байланыш сыяктуу.
- Экономикалык окуяларга көз салуу: Валюталык корреляциялар көбүнчө фундаменталдык экономикалык көрсөткүчтөргө жана геосаясий окуяларга жооп кайтарат. Бир нече өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө көз салып туруу корреляцияланган жуптар бул өзгөрүүлөргө кандай реакция кыларын алдын ала билүүгө жардам берет.
- Корреляция коэффициенттерин колдонуу: Корреляция коэффициенттери сыяктуу сандык өлчөөлөр трейдерлерге валюта жуптарынын ортосундагы байланыштын күчүн жана багытын аныктоого жардам берет. Маанилер -1ден (толук тескери корреляция) +1ге (толук түз корреляция) чейин өзгөрөт. Нөл мааниси корреляциянын жоктугун билдирет.
Корреляциялык сооданы стратегиялык жактан колдонуу
Соодаңызда валюталык корреляция талдоосун натыйжалуу колдонуу үчүн алдыңкы стратегиялар:
- Тастыктоочу бүтүмдөр: Корреляцияланган эки жуп бир багытта кыймылдаганда, бул негизги валюта жубу боюнча позиция ачууга болгон ишенимиңизди бекемдей алат. Мисалы, эгерде EUR/USD жана GBP/USD экөө тең жогору карай трендде болсо, бул Сизге EUR/USD боюнча узун (long) позицияга көбүрөөк ишеним менен кирүүгө болорун тастыктайт.
- Тескери корреляциялар аркылуу диверсификациялоо: Терс корреляцияны көрсөткөн жуптар менен соода кылуу аркылуу Сиз портфелиңизди тең салмактап, тобокелдиктерди натыйжалуураак башкара аласыз. Мисалы, эгерде Сизде Австралия доллары боюнча узун (long) позиция ачык болсо, Жаңы Зеландия доллары боюнча кыска (short) позиция ачууну карап көрүңүз, анткени бул валюталар товарлардын баасынын өзгөрүшүнө жараша карама-каршы багытта кыймылдашы мүмкүн.
- Корреляциянын негизинде позициянын көлөмүн аныктоо: Жуптардын корреляциясын түшүнүү позицияңыздын көлөмүн аныктоого да таасир этиши мүмкүн. Мисалы, эгер Сиз жогорку деңгээлде корреляцияланган эки жуп менен соода кылып жатсаңыз, жалпы тобокелдикти төмөндөтүү үчүн позициянын көлөмүн азайтуу акылга сыярлык болушу мүмкүн.
- Базар шарттарына жараша стратегияларды тууралоо: Өзгөрүп жаткан базар шарттарына ийкемдүү болуп, стратегияларыңызды ошого жараша тууралап туруңуз. Эгерде мурда ишенимдүү болгон корреляция алсырай баштаганын байкасаңыз, ыкмаңызды кайра карап чыгып, базар динамикасына туура келбей калган позициялардан чыгууга убакыт келген болушу мүмкүн.
Корреляцияга көз салуу жана талдоо жүргүзүү
Валюталык корреляция стратегияларын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз көз салуу жана талдоо жүргүзүү маанилүү:
- Корреляция көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз жаңыртып туруу: Экономикалык шарттардын, базар маанайынын же геосаясий окуялардын өзгөрүшүнө байланыштуу корреляциялар убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү мүмкүн. Талдооңузду үзгүлтүксүз жаңыртып туруу учурдагы базар динамикасына шайкеш калууга жардам берет.
- Корреляция матрицаларын колдонуу: Корреляция матрицасы бир нече валюта жуптарынын ортосундагы корреляциялардын визуалдык көрүнүшүн берет. Бул курал негизделген соода чечимдерин кабыл алуу үчүн кайсы жуптар оң же терс корреляцияда экенин тез баалоого жардам берет.
- Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоо: Корреляцияга негизделген стратегияларды ишке ашыргандан кийин, бүтүмдөрүңүздүн натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз карап чыгыңыз. Ыкмаңыздын тууралыгын тастыктоо жана зарылчылыкка жараша аны өркүндөтүү үчүн жалпы кирешелүүлүктүн жана тобокелдиктерди башкаруунун жакшырганына көңүл буруңуз.
Корутунду: валюталык корреляцияларды натыйжалуу пайдалануу
Валюталык корреляция стратегияларын түшүнүү жана натыйжалуу колдонуу Deriv MT5-теги соода ийгилигиңизди арттыра алат. Валюта жуптарынын ортосундагы байланыштарды аныктоо, бүтүмдөрдү тастыктоо жана тобокелдиктерди башкаруу ыкмаларын колдонуу менен Сиз форекс базарында ишенимдүүрөөк багыт ала аласыз. Бул түшүнүктөрдү иш жүзүндө кантип колдонуу керектигин түшүндүргөн видеосабакка өтүп жатып, соода натыйжалуулугуңузду оптималдаштыруу үчүн ушул стратегияларды эсиңизде сактаңыз.
Quiz
1ге барабар болгон корреляция коэффициенти эмнени көрсөтөт?
Тастыктоочу бүтүмдөр соода чечимдерин кантип жакшырта алат?
Корреляция көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз жаңыртып туруу эмне үчүн маанилүү?


