Негизги мазмунга өтүү
Сабак
11
Volatility Indices | Башталгыч

Позициянын көлөмүн аныктоо

Узактыгы
8
мүнөт

Сиз Volatility Indices менен соода кылууга киришкенде, позициянын көлөмүн аныктоону түшүнүү тобокелдиктерди башкаруу стратегияңыздын маанилүү элементи болуп калат. Позициянын көлөмүн аныктоо ар бир соодага соода капиталыңыздын канча бөлүгүн жумшай турганыңызды белгилеп, Сизди ашыкча жоготуулардан коргойт жана ошол эле учурда базар мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзөт. Жумшаган капиталыңыздын көлөмүн кылдат башкаруу менен Сиз жалпы капиталыңызды коркунучка салбастан, бул индекстерге мүнөздүү өзгөрмөлүүлүктө ийгиликтүү багыт ала аласыз.
‍

Позициянын көлөмүн аныктоонун мааниси

Өзгөрмөлүүлүк потенциалдуу кирешелерди да, мүнөздүү тобокелдиктерди да алып келиши мүмкүн. Позициянын көлөмүн аныктоо базардагы тобокелдик деңгээлиңизди көзөмөлдөө аркылуу бул факторлорду тең салмактоого жардам берет. Капиталыңызды бир нече соодага бөлүштүрүү менен Сиз бир эле чыгымдуу сооданын жалпы аккаунтуңузга олуттуу таасир тийгизүү тобокелдигин азайтасыз. Мисалы, бир соодадан чыгымга учурасаңыз да, башка соодалардагы калган капиталыңыз базарга катышууну улантууга мүмкүндүк берип, чоң жоготуулардын ыктымалдыгын азайтат.

Ар кандай Volatility Indices-ти карап жатканда, Volatility 10 жана Volatility 250 индекстеринде бирдей позиция көлөмү менен соода кылуу Сизди таптакыр башка тобокелдик профилдерине дуушар кыларын билүү абдан маанилүү. Жогорку өзгөрмөлүүлүк чоңураак киреше алуу мүмкүнчүлүгүн гана эмес, олуттуу жоготуулардын ыктымалдыгынын жогорулашын да билдирет. Андыктан, позицияңыздын көлөмүн Сиз соода кылып жаткан индекстин өзгөрмөлүүлүгүнө жараша тууралоо алгылыктуу тобокелдик чектеринде калуу менен каалаган кирешеге умтулууга жардам берет.
‍

Позициянын көлөмүн аныктоо стратегиялары

Позициянын көлөмүн аныктоонун бирдиктүү ыкмасы жок; бирок Сиздин жеке соода стилиңизге жана тобокелдикке туруктуулугуңузга жараша багыт бере турган бир нече ыкмалар бар:

  1. Белгиленген доллардык сумма: Ар бир соодада тобокелге салуу үчүн белгилүү бир доллардык сумманы, мисалы, $10 бөлүңүз. Бул ыкма бир нече соода боюнча туруктуу тобокелдик деңгээлин сактап, жалпы капиталыңызды коргоого жардам берет.
    ‍
  2. Аккаунттун пайызы: Ар бир соодада тобокелге салуу үчүн аккаунтуңуздун жалпы балансынын белгилүү бир пайызын аныктаңыз. Мисалы, аккаунтуңуздун балансы $2 000 болсо жана Сиз 1% тобокелдик чегин колдонсоңуз, ар бир соодадагы тобокелдик $20 түзөт. Аккаунтуңуз өскөн сайын бул сумма ошого жараша өзгөрүп турат. Бул ыкма Сиздин тобокелдик деңгээлиңизди жеткиликтүү каражаттарыңызга шайкеш келтирет, бул өзгөчө Volatility 250 Index сыяктуу өзгөрмөлүү активдер менен соода кылганда пайдалуу.
    ‍
  3. ATR жардамы менен өзгөрмөлүүлүккө негизделген көлөмдү аныктоо: Average True Range (ATR) индикатору тандалган мезгил ичиндеги активдин орточо баа кыймылын өлчөйт. Айрым трейдерлер ар бир соодадагы тобокелдигин бир ATR бирдиги менен чектешет. Мисалы, Volatility 25 үчүн 14 күндүк ATR $8,5 түзсө, Сиз тобокелдик чегиңизди ошол суммага коёсуз. Бул ыкма тобокелдик деңгээлиңизди кадимки күнүмдүк кыймылдарга пропорционалдуу кармап, базар шарттарына жараша негизделген Take Profit (TP) жана Stop Loss (SL) деңгээлдерин коюуга мүмкүндүк берет.

    ‍

Бул стратегияларды колдонуу менен Сиз базардын өзгөрмөлүүлүгүнө жана жеке соода муктаждыктарыңызга ыңгайлашкан позициянын көлөмүн аныктоонун ишенимдүү системасын түзө аласыз.

‍

Жыйынтык

Жыйынтыктап айтканда, позициянын көлөмүн аныктоону өздөштүрүү Volatility Indices менен туруктуу соода кылуу үчүн абдан маанилүү. Бул активдерге мүнөздүү тобокелдиктерди түшүнүү жана позициянын көлөмүн аныктоонун натыйжалуу стратегияларын ишке ашыруу менен Сиз капиталыңызды коргоп, ошол эле учурда пайда табуу мүмкүнчүлүктөрүн оптималдаштыра аласыз. Бул сабакта каралган стратегияларды изилдеп жатып, баарына бирдей туура келген универсалдуу ыкма жок экенин унутпаңыз. Позициянын көлөмүн аныктоо ыкмасын тобокелдикке туруктуулугуңузга, соода стилиңизге жана базар шарттарына ылайыкташтыруу Сизге ишенимдүүрөөк соода кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Эми Сиз Volatility Indices дүйнөсүндө жоопкерчиликтүү жана стратегиялык жактан багыт алууга жакшыраак даярсыз.

‍

Quiz

Соодада позициянын өлчөмүн аныктоонун негизги максаты эмнеде?

Позициянын өлчөмүн аныктоонун кайсы ыкмасы эсеп балансынын өзгөрүшүнө жараша жөнгө салынат?

Average True Range (ATR) индикатору эмнени өлчөйт?

Analyse markets with AI-powered insights

Explore TradersView
WhatsApp